Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:28

Жанарбек Акаев Саимаитинин бир топ саясатчылар менен кызматташканын жарыялады


Жанарбек Акаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев Саймаитинин өлүмү тууралуу журналисттик иликтөөдөн соң унчукпай кутулуу мүмкүн эмес экенин билдирип чыкты. Ал парламент түзгөн депутаттык комиссия «миллиарддык схеманын» бетин ачарына коомчулукта таптакыр ишеним жок экенине, ал жерде кызыкчылыктар кагылышы болорун белгилеген.

Буга байланыштуу ал жарандык коом, оппозициянын өкүлдөрүнөн турган көз каранды эмес комиссия түзүүнү сунуш кылды.

Депутат Саймати менен бир топ саясатчылар жакындан кызматташканы жана ал аркылуу акча Сирияга чейин жетип турган деген маалыматтар бар экенин билдирди. Бирок ал Саймаити кайсы саясатчылар менен байланышта болгонун ачык айткан жок.

- Стамбулдагы башкы консул Сопоков Кыргызстанда бир нече ирет түрмөгө отуруп чыккан атактуу криминалдык төбөлдөрдүн биринин жакын досу. Иликтөөдө аты аталган чет элдик ишкерлер буга чейин Кыргызстанды башкарган кишилердин атынан чоң мечиттин курулушун каржылап, жеке учагы менен учуруп, керек болсо резиденциянын ичине кошумча резиденция куруп бергени тууралуу маалыматтарды да иликтөө ачыкташы зарыл, - деди Акаев.

Депутат иликтөөнүн авторлорунун коопсуздугун укук коргоо органдары коргоосу зарыл экенин кошумчалаган. (BkA)

Пикирлерди көрүңүз (36)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG