Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:59

Изилдөө: Кыргызстанда төрт аялдын бирине иш ордунда асылышат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда ар бир төртүнчү аял жумуш ордунда жыныстык асылууга туш болот. Атайын изилдөөнүн жыйынтыгында ушундай тыянак чыкканын «Азаттыкка» Аял судьялардын ассоциациясынын эксперти Чынара Биялиева билдирди.

Анын айтымында, харассменттин (жыныстык асылуу) масштабы жөнүндө изилдөө Кыргызстанда биринчи жолу өткөрүлдү.

- Эң биринчи жыйынтык – жыныстык асылуу бизде бар. Болгондо да аябай көп экен. Мунун алдын алуу боюнча мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү зарыл. Аял баарын ичинде кармап, депрессия болбошу керек. Коом ушундай мүшкүл бар экенин билсин. Биздин максат – жардам берүү.

Сурамжылоону уюштурууга USAID агенттигинин «Биргелешип башкаруу программасы» колдоо көрсөттү.

Изилдөө мамлекеттик, муниципалдык жана укук коргоо органдарында, чакан жана орто бизнесте иштеген аялдар менен кыздарды, ошондой эле жогорку окуу жайларынын студенттерин сурамжылоонун негизинде «Жыныстык асылууда сот адилеттигине жетүүдө аялдар менен кыздардын мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү» долбоорунун алкагында өткөрүлдү. (SA)

XS
SM
MD
LG