Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:13

АКШ Түркияны Орусиянын С-400 системасынан «арылууга» чакырды


Режеп Тайып Эрдоган менен Владимир Путин.
Режеп Тайып Эрдоган менен Владимир Путин.

Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаментинин жогорку даражалуу өкүлү Түркия менен Египетти Орусия менен аскердик кызматаштыгына байланыштуу сынга алды. Ал 21-ноябрда атын атабаган шартта журналисттерге комментарий берип жатып, «Анкара Орусиянын С-400 үлгүсүндөгү зениттик-ракеталык системасынан арылышы керек» экенин билдирди.

Түркия С-400 системасынын алгачкы бөлүгүн быйыл июль айында алган жана сентябрь айында анын экинчи партиясы жеткирилген.

Эки өлкөнүн ортосундагы келишимге ылайык Анкара Москвадан жалпысынан төрт дивизион зениттик-ракеталык система сатып алат. Алар кийинки жылдын апрель айында толугу менен жеткирилип бүтүп, колдонууга даяр болот. Ага чейин Орусия түрк аскерлерин окутуп, даярдайт.

Орусиядан курал-жарак сатып алып жатканы үчүн Анкараны НАТОдогу эң ири өнөктөшү АКШ сынга алып, санцияларды киргизерин эскертип келген. Ошондой эле Түркиянын мындай кадамы үчүн F-35 үлгүсүндөгү кыргын салуучу учактарды сатуудан баш тарткан. Расмий Анкара болсо Кошмо Штаттардын бул кадамы НАТОдогу өнөктөштүк максатына туура келбейт деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG