Израилдин Башкы прокуратурасы премьер-министр Биньямин Нетаньяхуга айып койду. Ага ылайык, өкмөт башчы пара алууга, көз боемочулукка жана коомдук ишенимден кыянат пайдаланууга байланышту шек саналып жатат.
Өлкө тарыхында биринчи жолу кызматтагы өкмөт башчыга айып коюлууда.
Нетаньяху «мунун артында аны кызматтан кетирүү аракети турганын, өлкөнү жетектөөнү уланта берерин» айтты.
Мыйзам боюнча күнөө коюлган өкмөт башчы кызматтан кетүүгө милдеттүү эмес. Ошол эле учурда соттук териштирүү анын саясий каршылаштарынын чырагына май тамызышы мүмкүн.
Парламент эми премьердин кол тийбестигин алуу маселесин карамакчы.
Апрелден бери эле Израилде эки жолу мөөнөтсүз парламенттик шайлоо өткөрүлдү. Бирок кабинет түзүү аракеттеринен майнап чыкпай, жакынкы күндөрдө дагы жаңы добуш берүүнүн датасы жарыяланмакчы.