Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:24

«Азаттыктын» кабарчысы чек ара маселесин чагылдырган сынакта биринчи орунду алды


Медербек Ниязалиев.
Медербек Ниязалиев.

«Азаттык» радиосунун кабарчысы Медербек Ниязалиев чек ара маселелерин чагылдыруу боюнча журналисттер арасында өткөрүлгөн сынакта биринчи орунга татыды.

Сыйлык тапшыруу салтанаты бүгүн Бишкекте «Кыргызстан менен Тажикстанда чек ара маселелерин чагылдырууда ЖМКлардын ролу» деп аталган жыйындын алкагында өттү.

Жыйында чек ара маселелерин жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдырган журналисттер катышты.

Анда буга чейин Кыргызстан менен Тажикстандын ЖМКларына DW кызматы жүргүзгөн мониторингдин жыйынтыгы айтылды.

Ага ылайык жыл башынан бери «Азаттыкка» кыргыз-тажик чек арасына байланышкан 193 материал жарык көргөн. Конференцияда чек ара маселелерин чагылдырууда журналисттер кандай каталарды кетиришери жана аны жөнгө салуу боюнча талкуу болду.

XS
SM
MD
LG