Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:35

Гани менен Трамп тынчтык процессин талкуулашты


Ашраф Гани.
Ашраф Гани.

Президент Ашраф Ганинин кеңсеси ооган лидери АКШ мамлекет башчысы менен телефон сүйлөшүүсүндө Кабулдун 7 пункттан турган тынчтык планын талкуулаганын билдирди. Трамп «Талибан» менен диалогду баштоо үчүн адегенде ок атышууну токтотуу тууралуу макулдашуу керек деп белгилеген.

"АКШ президенти тынчтык процессине ооган өкмөтү камтылып, лидерликти өзүнө алууга тийиш" - деп билдирди, - деп жазды ооган президентинин басма сөз катчысы Седик Седики 22-ноябрда Твиттерге.

Ганинин командасы өткөн айда 18 жылдан бери уланып келаткан согушка чекит коюу максатында 7 пункттан турган сунушту жарыялаган.

АКШ менен «Талибан» кыймылы ооган жергесиндеги жаңжалды токтотуу үчүн дээрлик бир жыл сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, сентябрда Трамп Вашингтондун атайын чабарманын чакыртып алгандан кийин жараян үзгүлтүккө учураган. Талибдер Кабул өкмөтүн "Батыштын кол баласы" деп атап, алар менен түз диалогдон баш тартышууда.

XS
SM
MD
LG