Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:16

Путин сырдуу куралдын үстүнөн иш уланарын айтты


Путин сыноо учурунда курман болгондордун жакындарына ордендерди тапшырды. Кремль, 21-ноябрь 2019-жыл
Путин сыноо учурунда курман болгондордун жакындарына ордендерди тапшырды. Кремль, 21-ноябрь 2019-жыл

Орусиянын президенти Владимир Путин августтагы ядролук кырсыктын чордонунда болгон куралдын үстүнөн иш улантыларын билдирди.

Бейшембиде президент Северодвинскиде ракета жабдыгын сыноо маалында курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө Эрдик ордендерин тапшырып жатып, маркумдар "өзгөчө миссияны аткарганын, дүйнөдө жок куралдын үстүнөн иштешкенин" айтты.

Сыноо учурунда ракеталык жабдык жарылганда Орусиянын эксперименталдык физика илимий изилдөө институтунун беш кызматкери мерт болгон.

Радиация полигондон 50 километр алыс Северодвинск портуна чейин жеткен. Ошондо жергиликтүү жана федералдык расмий адамдар жарылуунун себеби жана жайкын тургундарга зыяны жөнүндө карама-каршылыктуу билдирүүлөрдү жасап келишкен.

Америкалык айрым маалымат каражаттары кеп ядролук дүрмөт алып жүргөн канаттуу ракетаны сыноо тууралуу жүргөнүн жазышкан.

XS
SM
MD
LG