Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:54

Илон Маск "Cybertruck" деп аталган электр пикапты тааныштырды


Cybertruck
Cybertruck

"Tesla" компаниясынын башчысы Илон Маск "Cybertruck" деген электр пикапты тааныштырды.

Жаңы автоунаанын дизайны Жеймс Бонд жөнүндөгү "Мени сүйгөн тыңчы" фильминин таасири менен түзүлгөнүн Маск Лос-Анжелестеги презентация учурунда айтты.

Пикаптын корпусу дүрмөттөлгөн айнек жана дат баспай турган болоттон жасалган. Машинени элге көрсөтүү учурунда Масктын жардамчысы автоунаага металл балка жана катуу буюм менен сокку урганда айнегинен жарака кетти.

Андан тышкары, Маск электр квадроциклди да тааныштырды. Ал пикаптын кузовуна жайгашат жана андан энергия алат.

Автоунаанын баштапкы версиядагы баасы 40 миң доллар деп эсептелген, бирок 70 миң долларга чейин көтөрүлөрү кабарланды. "Tesla" 2021-жылдан тарта сатыкка чыкчу машинеге буюртмаларды кабыл ала баштады.

XS
SM
MD
LG