Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:57

Токтогулда сабалганы айтылган баланын окуясын милиция териштирүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абаддын Токтогул районунда денеси көгала болгуча сабалган баланын окуясын милиция териштирип жатат. Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, факты боюнча Жоруктар кодексинин тиешелүү беренелеринин негизинде иликтөө жүрүп жатат.

Райондун Торкен айылындагы мектепте 1-класста окуган баланын аёосуз сабалганы жөнүндө кабар жана сүрөттөр 21-ноябрда Интернетке чыккан. Окуя 15-ноябрда болгонун жергиликтүү басылмалар жазышкан.

Баштапкы маалыматтарда баланы чоң класстагы окуучу урганы айтылган. "Кийинчерээк ал мектепте токмоктолгон эмес" деген версия чыгып, чоң кишилерден запкы тартканы божомолдонууда.

Баланын жакындары дарылоо үчүн Бишкекке алып келишкен.

2019-жылдын апрелинде баш прокурор Өткүрбек Жамшитов Кыргызстанда балдарга каршы зордук-зомбулук 28% көбөйгөнүн айткан.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 2018-жылы жашы жете электерге карата жасалган 1291 зомбулук фактысы катталган.(SE)

XS
SM
MD
LG