Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:53

Сузакта мектептеги окуучулардын мушташын милиция териштирип жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Сузак районунун Жалгыз-Жаңгак айылында жайгашкан №10 Көк-Арт орто мектебинде 9-класстын окуучулары катышкан мушташты милиция териштирип жатат.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы “Ээнбаштык” беренеси менен сотко чейинки өндүрүш башталганын кабарлады. Анын негизинде сегиз окуучу жана эки мугалим суракка алынган. Иш сотко жөнөтүлгөнү турат.

Баштапкы маалыматтарга караганда, ушул жылдын 24-октябрында мектептин коридорунда 9-класстын эки окуучусу классташын уруп койгонн. Жабыркаган окуучу ооруканага түшүп, соттук-медициналык экспертизанын натыйжасында денеси жеңил жараат алганы аныкталган. (RsK)

XS
SM
MD
LG