Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:36

Израилде баш прокурор премьер-министрди кылмышка айыптады


Бинямин Нетаньяху
Бинямин Нетаньяху

Израилдин баш прокурору Авичай Мандельблит 21-ноябрда премьер-министр Бинямин Нетаньяхуга коррупция боюнча айыптоону жарыялады. Ал соңку үч жыл ичинде өкмөт башчы алдамчылык, кыянатчылык жана паракорлук сыяктуу кылмыштарды жасаганын айтты.

Нетаньяху баш прокурордун айыптоосун "мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет" катары баалады.

Мыйзамга ылайык, Израилде кылмышка шек саналган аткаминер отставкага кетиши керек. Бирок ал талап премьер-министрге колдонулбайт.

Израилде кызматтагы өкмөт башчыга алгач ирет айып тагылууда.

Тергөөнүн маалыматтарына караганда, Нетаньяху бай досторунан жүз миңдеген долларлык шампан шарабын жана тамекилерди алган. Өзү жөнүндө жакшы макалаларды жаздыруу үчүн маалымат каражаттарына басым жасаганы айтылат.

Нетаньяхуга коюлган бул айыптоо мамлекетте саясий кырдаал курчуган учурга туш келди. Сентябрдагы шайлоодо парламенттеги негизги орундарды ээлеген Бенни Ганцтын жана Нетаньяхунун партиялары ушул күнгө чейин коалиция түзө албай жатат.

XS
SM
MD
LG