24-ноябрда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен кар аралаш жамгыр, тоолуу аймактарда кар жаайт. Жолдорго тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9, Ысык-Көл, Нарын дубандарында 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн -3...+2, күндүз -1...+4,
Талас жергесинде түнкүсүн -3...-8, күндүз -1...-6,
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1...-6, күндүз -3...+2,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3...-8, күндүз -2...+3,
Нарын облусунда түнкүсүн -6...-11, күндүз -4...+1,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -16...-21, күндүз -6...-11 градус болот.
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, эртең менен жана күндүз жамгыр жаап, карга айланат.