Бишкектин Ленин райондук соту Кыргызстандын Шахмат федерациясынын 23-ноябрдагы кезексиз курултайын өткөрүүнү мыйзамсыз деп тапты. Мындай чечим 21-ноябрда чыгарылганын федерациядан кабарлашты.
Курултай Финансылык-экономикалык техникумдун имаратында өтүп, ага бир катар шахматчылар, ардагерлер катышкан.
"Соттун чечимин бизге курултай өтүп жатканда алып келишти. Бул туура эмес. Чечимдин үстүнөн даттануу үчүн бизде он күндөй убакыт бар",- деди уюштуруучулардын бири Айжан Алымбай кызы.
Кыргызстандын Шахмат федерациясынын айрым мүчөлөрү Милан Турпанов башында турган жетекчиликтен "финансылык мыйзам бузууларды жасаган" деп күмөн санашууда. Алар бюджеттен бөлүнгөн акча "сол чөнтөккө кеткен болушу мүмкүн" деп божомолдоп, Эл аралык шахмат федерациясы менен кызматташууда да мүчүлүштүктөр бар экенин билдиришти. Ошондуктан курултайга келгендер жетекчиликке ишеним көрсөтпөө демилгесин көтөрүштү.
Милан Турпанов бул курултай мыйзамсыз экенин айтууда. Ал федерациянын расмий курултайы 2020-жылдын январында болорун "Азаттыкка" билдирди. Нааразы тарапты "кутум уюштурууда" деп күнөөлөдү жана күмөн саноолордун баарына январдагы жыйында жооп берүүгө даяр экенин белгиледи.
Турпановдун айтымында, Шахмат федерациясынын жобосунун негизинде мүчөлүк акы жылына 300 сом деп белгиленген. Ал ыктыярдуу түрдө чогултулат. Мамлекеттик жана эл аралык мелдештерге катышуу, уюштуруу иштерине бюджеттен 2 миллион сомдун тегерегинде акча бөлүнөт.
"Бюджет тартыштыгынан улам 2019-жылдын май айынан бери акча бөлүнө элек", - деди ал.
Федерация эгемендиктин алгачкы жылдары түптөлгөн. Турпанов аны 2013-жылдан бери жетектейт. Федерациянын президенти төрт жылда бир шайланат.
Федерациянын мүчөлөрүнүн саны январдагы курултайда такталат. 2015-жылкы эсеп боюнча 70тин тегерегинде. (SE)