Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:54

Францияда аялдарга карата зомбулукка каршы ири акция өттү


Франциянын борбору Парижде жана башка шаарларда 23-ноябрда аялдарга карата зомбулукка каршы жапырт демонстрациялар өттү. "Occurence" уюмунун маалыматына ылайык, Париждин өзүндөгү акцияга 49 миң киши катышты.

Демонстрация "Nous toutes" кыймылынын демилгеси менен уюштурулду. Аларды ондогон бирикмелер, саясий партиялар жана белгилүү адамдар колдошту. Акцияга чыккандардын арасында Мюрьель Робен, Летиция Каста жана Жюли Гайе сыяктуу актрисалар да болду.

Франциянын Эл аралык радиосу билдиргендей, активисттер өкмөткө басым өткөрүп, сексизмге, сексуалдык жана үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөштү күчөтүүгө чакырышууда.

XS
SM
MD
LG