Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:38

Украинада Голодомор курмандыктары эскерилди


Украиналыктар Сталиндин бийлиги учурундагы Голодомор деп аталган ачарчылыктын 86 жылдыгын белгилешти. Уюштуруучулар элди 23-ноябрь күнү жергиликтүү убакыт менен 16:00дө терезелердин текчесине шам коюуга чакырышты.

Совет бийлигинин 30-жылдардагы катаал саясатынан улам миллиондогон адам ачарчылыктан набыт болушкан. Өкмөт украиналык дыйкандардын түшүмүн жана азык-түлүгүн тартып алып, жамааттык чарбаларга кирүүгө мажбурлаган. Анын кесепетинен 3-7 миллион адам кырылганы айтылып жүрөт.

Украинада жыл сайын ноябрдын төртүнчү ишембисинде ошол кезде жашоо менен кош айтышкандар эскерилет. Элдин көбү ал трагедияны фермерлерди кырып жок кылууга багытталган геноцид катары мүнөздөшөт.

XS
SM
MD
LG