Кыргызстанда харассментке (сексуалдык ыдык) кабылган кыз-келиндердин 28% өз өмүрүнө кол салгысы келет. Мындай тыянак өлкөдө алгач ирет жүргүзүлгөн жасалган масштабдуу изилдөөдө айтылат.
“Кыргызстандагы аял судьялардын ассоциациясынын” изилдөөсүнө ылайык, ар бир төртүнчү аял жумуш ордунда жыныстык асылууга туш болот. Ар бир бешинчи студент кыз өзү окуган жогорку окуу жайда сексуалдык ыдыкка туш болгонун билдиришкен.
2019-жылдын жай мезгилинде Бишкек, Ош, Кара-Балта жана Токмок шаарларында жүргүзүлгөн изилдөөгө катышкандардын 69% ушундай көйгөй бар экенин айтышкан. Алардын 20% харассментке дуушар болгонун ачык айткысы келбейт.