25-ноябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз Чүй, Ысык-Көл облустарында, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Зымдарга жана бак-дарактарга суу кар жабышат. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир аймактарында 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1...-6, күндүз -1...-6,
Талас облусунда түнкүсүн -2...-7, күндүз -1...-6,
Баткен облусунда түнкүсүн 0...-5, күндүз -2...+3,
Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 0...-5, күндүз -4...+1,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4...-9, күндүз -2...-7,
Нарын жергесинде түнкүсүн -6...-11, күндүз 0...-5,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -16...-21, күндүз -8...-13 градус болот.
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Түнкүсүн -1...-3, күндүз -1...-3 градус болот.