Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:08

Кишинин аярлуулук индексин тактаган бот-чат иштей баштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Айкын багыт» коомдук фонду кишинин канчалык аярлуу экенин, зомбулукка туш келгенде аны жеңип чыгууга даярдыгын аныктаган бот-чат системасын ишке киргизди.

Каалоочулар bot.openline.kg сайтынан же «Телеграмдагы» «OpenlineBot» каналынан пайдаланса болот.

Система зомбулукка байланыштуу суроолорду гана камтыбай, жашоодогу оор кырдаалдардан чыгуунун мыйзамдуу жол-жоболорун түшүндүрөт.

Бот-чатты колдонгон киши «ооба» же «жок» деген жооптор камтылган бир канча суроолорго жооп берет. Соңунда өзү аярлуу топко кошулабы же жокпу, ошого аныктама алат.

Интерактив системада үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандардын жагдайына байланыштуу маалыматтар берилет.

- Биздин максат - зомбулукка кабылган адам кандай кырдаалдарга кабыларын көрсөтүү. Суроолорду биз иш тажрыйбабыздагы реалдуу окуялардын негизинде түздүк, - дейт коомдук фонддун жетекчиси Мунара Бекназарова.

Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулукка чыдабай аксакалдар сотуна, кризистик борборлорго жана түрдүү укук коргоочу уюмдарга кайрылган аялдар 2018-жылы мурунку жылдарга салыштырмалуу 8% көбөйгөн.

БУУнун өнүктүрүү программасынын колдоосунда "Айкын багыт" коомдук фондунун "Гендердик зомбулук маселелерин чагылдырууда инновациялык медиа форматтар" долбоору менен өнөктөштүктө даярдалды.

XS
SM
MD
LG