Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:26

Орусияда кыргызстандык мигрант өлтүрүлгөнү кабарланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Москва - Санкт-Петербург жолунун боюнан табылган мигранттын өлүмүнүн чоо-жайын тактап жатат. Бул тууралуу дипломатиялык өкүлчүлүк «Азаттыкка» билдирди.

24-ноябрда бир катар маалымат каражаттары киши колдуу болгон жаран жөнүндө жазып, ал айдоочулук кылып жүргөн мигрант экенин кабарлашкан. Окуя Тосненский районунда болгон. Анын сөөгү таңга жуук ээсиз турган «КамАЗга» жакын жерден, көпүрөнүн астынан табылган.

Полициянын маалыматында маркум 43 жашта экени, Кыргызстандан бир жыл мурун келгени айтылат. (LzT)

XS
SM
MD
LG