Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:36

Иракта өкмөткө каршы акцияда кеминде жети киши окко учту


Өкмөткө каршы акция. Багдад, 14-ноябрь, 2019-жыл.
Өкмөткө каршы акция. Багдад, 14-ноябрь, 2019-жыл.

Ирактын баш калаасы Багдадда жана бир нече аймагында коопсуздук күчтөрүнүн колунан кеминде жети демонстрант каза тапты. Бул тууралуу жекшембиде күбөлөр жана медициналык кызматкерлер маалымдашты.

Адам өмүрү кыйылган акциялар 23-ноябрдын кечинде башталган. Тартип сакчылары ок-дары жана жаш агызчу газ колдонушканын маалымат булактар ырастоодо. Бардыгы болуп 300дөн көп киши жабыркады.

Басра провинциясында коопсуздук күчтөрү Умм Касрдагы ири соода портуна жолду тороого аракеттенген митингчилерге ок атышканда үч киши өлгөн.

Соңку жумаларда өкмөткө каршы демонстрациялардан улам маанилүү порт бир нече жолу жабылган.

Иракта октябрдын башынан бери уланып келаткан толкундоолордо жалпысынан бери дегенде 330 киши набыт болду. Эл жемкорлукка, жумушсуздукка каршы чыгууда.

XS
SM
MD
LG