Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:38

АКШ соцтармактарды Иран лидерлеринин баракчаларына бөгөт коюуга чакырды


Кошмо Штаттар «Фейсбукту», «Инстаграмды» жана «Твиттерди» Иранда Интернет толугу менен калыбына келтирилмейинче бул өлкөнүн өкмөт жетекчилерине байланышкан баракчаларды убактылуу жабууга үндөдү.

«Бул абдан эки жүздүү режим. Интернетти жаап коюшат да, өкмөт өзү бардык социалдык тармактарды пайдаланууну улантууда», - деп жазды Вашингтондун Иран боюнча атайын өкүлү Брайн Хук Мамлекеттик департаменттин расмий «Твиттерине».

Өткөн жуманын аягында өкмөткө каршы акциялар тутанганда Иран бийлиги Интернетке дээрлик толук бөгөт коюп салган. Мониторинг жүргүзгөн айрым топтор акыркы эки күндө байланыш кээ бир жерлерде калыбына келтирилгенин маалымдашты. Ирандын расмий адамдары 100дөн чукул шаар-кыштактардагы демонстрациялар тынчыганын билдиргени менен муну тактоо мүмкүн болбой жатат.

Толкундоолор Тегеран өкмөтү бензиндин баасын көтөрүү жана күйүүчү майга чектөө киргизүү тууралуу чечимин жарыялагандан соң, 15-ноябрда башталган. Ирандын жетекчилиги «демонстрациялардын артында чет өлкөлөр, ичинде АКШ, Израил, Сауд Арабиясы турат» деп аталган өлкөлөрдү айыптоодо. Тегерандын расмий маалыматы боюнча массалык акцияларда 5 киши каза тапты. Ал эми «Amnesty International» («Эл аралык мунапыс») уюму жана башка укук коргоочулар 100дөн көп кишинин өмүрү кыйылганын билдиришти.

XS
SM
MD
LG