Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:59

Владимир Путин «Единая Россияны» «жоопкерчиликтүү» деп мактады


Владимир Путин.
Владимир Путин.

Орусиянын президенти Владимир Путин бийликтеги «Единая Россиянын» 23-ноябрдагы курултайында партияны «жарандардын жана мекендин кызыкчылыгын биринчи орунга коюп, гүлдөп жатканын» айтты.

Курултайга эки миңдей мүчө катышты.

Президент партия оор кырдаалдарда да «жоопкерчиликтен коркпой келатканын» кошумчалады.

Былтыр «Единая Россия» сунуш кылган пенсия реформасы элге жаккан эмес, натыйжада өлкөдө нааразылык күчөгөн.

Быйыл жергиликтүү кеңештерге шайлоодо Кремлдин саясатына каршы маанайдагы талапкерлер тизмеден чыгарылган соң Орусияда миңдеген адамдар демонстрацияларды өткөрүштү. Жыйынтыгында бир канча аймакта «Единая Россия» көпчүлүк добушту албай калды.

Батыштын байкоочулары Путин бийликте турган жылдары Орусияда өткөн шайлоолордун бири да адилеттүү жана эркин деп баалаган эмес.

«Единая Россия» 2021-жылкы шайлоодо Мамлекеттик Думадагы 450 орундун бери дегенде 301ине ээлик кылууга үмүт артып жатканы айтылат.

XS
SM
MD
LG