Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:57

Жарандар фейк аккаунттарга каршы бирикти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Фейсбукта» фейк аккаунттарга (троллдорго) каршы «Охота на фейк аккаунты» деген аталышта тайпа түзүлүп, жарандар өз демилгеси менен жалган аккаунттарды аныктай башташты.

Тайпаны фактчек менен алектенген белгилүү журналист Болот Темиров «Азаттыктын» резонанстуу иликтөөсүнөн кийин түзүп, көргөн-билген фейк аккаунттарды жаптыруу максатында жарандарды биригүүгө чакырган.

Тайпада коомдук пикирди башка нукка бурууга аракет кылган фейк аккаунттарды кандайча аныктап, аларга арыздануунун жолдору жана эрежелери жазылган.

Фейк аккаунттар же «троллдор фабрикасы» маалыматтык согуштун жаңы тенденциясына айланды. Жалданган кишилер социалдык тармактарга жалган ысымдар жана сүрөттөр менен катталып, саясий темаларга дембе-дем комментарий жазып, коомчулуктун пикирин башка нукка буруп, алаксытууга аракет кылышат. (KR)

XS
SM
MD
LG