Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:33

ИИМ «Азаттыктын» журналисттеринин коопсуздугуна көз салууда


Ички иштер министрлиги «Азаттык» радиосунун кайрылуусу боюнча журналисттердин коопсуздугуна көз салууда. Учурда радионун кеңсесин милиция кызматкерлери кайтарууга алды.

Буга чейин социалдык тармактарда айрым колдонуучулар «Азаттык» радиосунун кеңсесин алдында акция өткөрөрүн жарыялашкан.

Ошондой эле белгисиз адамдар радионун журналисттерине телефон чалышкан. Мындай аракеттер «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген иликтөөдөн кийинки учурга туш келүүдө. (BkA)

XS
SM
MD
LG