Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:44

УКМК: Бишкектин баңгизатка каршы мекемесинин башчысы кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ири суммада пара талап кылып, кармоо учурунда адамды машине менен сүздүргөн милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады. Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 7-ноябрда УКМКнын Коррупцияга каршы кызматына Бишкек шаарынын тургуну кайрылып, ИИМдин баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы кызматынын өкүлү күйөөсүнө карата козголгон иш боюнча оң чечим чыгарыш үчүн 3000 доллар пара талап кылып жатканын айтып арызданган.

Бул арыздын негизинде сотко чейинки өндүрүш башталган.

23-ноябрда ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен бирге жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында паранын бир бөлүгү катары 50 миң сом алып жаткан жеринен ИИМдин баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы кызматынын Бишкек боюнча башкармалыгынын башчысы колго түшүрүлдү.

Кылмышка шектүүнү кармоо учурунда ал качканы жатып арыз жазган келинди машинеси менен сүздүрүп кеткен. Учурда жабыркаган келин ооруканада. Абалы туруктуу. Шектүү УКМКнын тергөө абагында отурат. (RK)

XS
SM
MD
LG