Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан маалымат боюнча, ушул жылдын 10 ай ичинде өлкөдө 3270 өрт кырсыгы катталып (2018-жыл 4246) өткөн жылга салыштырмалуу 23 пайызга азайды.
Өрт келтирген материалдык чыгым 651 млн. сомдон ашты (2018-жылы 785 млн. сомдон ашкан). Тилсиз жоодон 36 адам каза таап (2018-жылы 50 адам,), 46 адам жабыркаган (2018-жылы 45 адам).
Өрттөн 47 адамдын өмүрү (2018-ж. 63 адамдын өмүрү) жана 528 млн. сомдон ашык товардык материалдык баалуулуктар сакталып калган (2018-ж 891 млн. сом).
Өрттөрдүн негизги себептери: отко этиятсыздык менен мамиле кылуу - 33,4%, электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан - 5,5%, мештерди жана морлорду этиятсыздык колдонууда - 32,5%, балдардын от менен ойноосунан - 34,6% өрт кырсыгы болду. Өрттүн 15,9% турак жайларда болгон. (BTo)