Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:09

26-ноябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Ысык-Ата районунун Милянфан айылы, Чүй облусу. 25-ноябрь, 2019-жыл.
Ысык-Ата районунун Милянфан айылы, Чүй облусу. 25-ноябрь, 2019-жыл.

26-ноябрда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда, Ош облусунун тоолуу райондорунда бир аз кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши ыктымал.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -6…-11, күндүз -2…-7;

Таласта түнкүсүн -8…-13, күндүз -2…-7;

Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…5;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -6…-11, күндүз -1…-6;

Нарында түнкүсүн -10…-15, күндүз -2…-7;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -18…-23, күндүз -9…-14 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн -7…-9°, күндүз -3...-5 градус болот.

XS
SM
MD
LG