Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 7-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 06:02

Румынияда шайлоонун экинчи турунда азыркы президент жеңди


Румынияда 24-ноябрда президенттик шайоонун экинчи айлампасында батышчыл мамлекет башчы Клаус Йоханнис жеңди.

Добуш берүүнүн алгачкы жыйынтыгына караганда, аны шайлоочулардын 64 пайызы колдоду. Ал эми анын атаандашы, мурдагы премьер-министр Виорика Денчилэ 33,5 добуш алды. Добуш берүүгө шайлоочулардын 50 пайызы катышты.

Шайлоонун биринчи айлампасы мындан эки апта мурун өткөн. Анда Йоханнис биринчи, Денчилэ экинчи болуп келген. Бирок бир да талапкер 50дөн ашык пайыз добуш топтой албагандыктан шайлоонун экинчи айлампасы жарыяланган. Үчүнчү болуп марага келген Дэн Барна жарыштан чыккандан кийин тарапкерлерин Йоханнисти колдоого чакырган.

60 жаштагы Йоханнисти экинчи мөөнөткө Улуттук-Либерал партиясы көрсөткөн. Ал эми Дэнчилэ Социал-демократтар партиясынан чыккан.

Өткөн айда румын парламенти ошол кездеги премьер-министр Виорика Денчилеге ишеним көрсөтпөө тууралуу чечим кабыл алган. Андан эки ай мурун өкмөттү түзгөн коалициялык көпчүлүктүн курамынан «Либералдар жана демократтар альянсы» партиясы чыгып кеткен. Алар президенттик шайлоого талапкер көрсөтүү боюнча саясий өнөктөшү социал-демократтар менен талашып-тартышып, тил табыша албай калган.

Виорика Денчиле премьер-министр болуп 2016-жылдын аягында дайындалган. Анын тушунда сот системасына, мыйзам үстөмдүгүнө жана коррупцияга каршы күрөшкө байланыштуу эл аралык коомчулуктун жана өз өлкөсүндө сын-доомат күчөгөн.

Пикирлерди көрүңүз

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG