Грузияда бийликтеги «Грузин кыялы» партиясы мындан ары шайлоону мажоритардык система менен гана өткөрүүнү көздөп жатат. Келерки жылдары ушул маселе боюнча референдум өткөрүү пландалып жатат. Бул тууралуу аталган партиянын баш катчысы, Тбилиси шаарынын мэри, мурдагы футболист Каха Каладзе билдирди.
Бул мындан он күн мурда парламенттин алдында башталган нааразылык акциясынын талаптарына караманча каршы келет.
Тбилисиде 14-ноябрдан тартып токтобой жаткан нааразылык акцияларына парламентте 2020-жылга белгиленген шайлоону пропорционалдык система боюнча өткөрүү жоболору каралган мыйзам долбоору кабыл алынбай калганы себепкер болгон.
Полиция 18-ноябрда парламенттин кире беришин тосуп алган демонстранттарды кууп тараткан жана анда 37 адам кармалган.
Грузиядагы шайлоо системасын өзгөртүүчү мыйзам долбоору кабыл алынбай калганын Европа Кеңешинин Парламент аралык ассамблеясы менен АКШнын Тбилисидеги элчилиги айыптаган.
Быйыл жайында да Тбилисиде миңдеген адамдар көчөгө чыгып, шайлоо системасын өзгөртүүнү талап кылышкан. Анда эл менен полиция кагылышып, жалпысынан 240 адам жаракат алган болчу.
Грузияда азыр аралаш шайлоо системасы колдонулат. Парламенттеги 150 депутаттын 77си пропорционалдык, ал эми калганы мажоритардык система менен шайланат. Өлкөдө келерки парламенттик шайлоо эмдиги жылы өтөт.