Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:15

Ошто Сириядагы окуяларга катышы бар жаран кармалды


Кармоо учурунда алынган далил заттар.
Кармоо учурунда алынган далил заттар.

Кара-Сууда Сириядагы согуштук аракеттерге катышы бар деген жаран кармалды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматкери Абсатар Тавакалов билдирди.

Маалыматка ылайык, кармалган жаран Кыргызстанда тыюу салынган “Таухид вал-Жихад" уюмунун мүчөсү экени аныкталган. Ал жашаган Кара-Суу районунун аймагындагы үйүнүн короосунда жер астына көмүлгөн бир даана ПМ 9-мм үлгүсүндөгү жеке номери өчүрүлгөн ок атуучу куралы жана бир даана магазин, 8 даана 9-мм тапанчасынын октору, бир даана ПМ 4,55 үлгүсүндөгү пневматикалык куралы жана ок атуучу жабдыктары, чөнтөк телефондун сим-карталары табылган.

Кармалган А.К. аттуу жаран Жазык кодексинин 241-беренеси («Террордук ишке көмөктөшүү») боюнча кылмышка шектүү катары кармалып, камалды. Табылган ок атуучу куралдарга соттук-баллистикалык экспертизалар дайындалды. (MdN)

XS
SM
MD
LG