Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:21

Бишкекте 28-ноябрда ЖККУнун жыйыны өтөт


Данияр Сыдыков.
Данияр Сыдыков.

28-ноябрда Бишкекте Кыргызстандын төрагалыгында Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) кезектеги жыйыны өтөт. Анда эл аралык жана аймактык коопсуздук боюнча маселелер каралат. Күн тартибинде жалпы жонунан 21 маселе бар.

Жыйындын жүрүшүндө бир катар документтер, анын ичинде уюмдун 2020-жылга карата бюджети бекитилет.

Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыковдун маалыматына караганда, ЖККУнун жыйынына Беларустун президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Орусиянын башчысы Владимир Путин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жана КМШнын аткаруу комитетинин аткаруучу катчысы Сергей Лебедев катышат. (BTo)

XS
SM
MD
LG