Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:49

Өкмөт: үй-бүлөлүк зомбулук чоң көйгөй бойдон кала берүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз өкмөтү мамлекетте үй-бүлөлүк зомбулук маселеси чоң көйгөй бойдон калып жатканын четке какпайт. Бул тууралуу 25-ноябрда таратылган расмий маалыматта айтылды.

2019-жылдын он айында Кыргызстанда 5185 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды. Анын арасында 3647си денеге залал келтирүү, 1362си психологиялык жактан басым, 168и тоготпостук, жетөө жыныстык мүнөздө болгон.

Ички иштер органдары бир жылда зомбулукка байланыштуу 5185 учурга ордер берген. Анын 4876сы (94,1%) эркектерге, 309у (5,9%) аялдарга туура келет.

Кыргызстан 1994-жылдан бери кыз-келиндердин укугуна байланыштуу Бириккен Улуттар Уюмунун бир катар конвенцияларын ратификациялаган.

Үй-бүлөлүк зомбулукка чыдабай аксакалдар сотуна, кризистик борборлорго жана түрдүү укук коргоочу уюмдарга кайрылган аялдардын саны 2018-жылы мурунку жылдарга салыштырмалуу 8% көбөйгөн.

2017-жылы "Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо жөнүндө" мыйзам кабыл алынган.

Жоруктар жөнүндө кодекстин 75-беренесине («Үй-бүлөдөгү зомбулук») ылайык, өкүмзордук кылган киши 15 000 сомдон 60 000 сомго чейин айып пул төлөшү же эки айга түзөтүү иштерине, 60 саатка чейин коомдук жумуштарга тартылышы керек.

Дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда 25-ноябрда аялдарга каршы өкүмзордукту токтотуу максатындагы «Зомбулукка каршы 16 күн» акциясы башталды.

Маалымат БУУнун Өнүктүрүү программасынын колдоосунда "Айкын багыт" коомдук фондунун "Гендердик зомбулук маселелерин чагылдырууда инновациялык медиа форматтар" долбоору менен өнөктөштүктө даярдалды.

XS
SM
MD
LG