Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:59

«Зомбулукка каршы 16 күн» акциясы башталды


Иллюстрация үчүн атайын тартылган сүрөт.
Иллюстрация үчүн атайын тартылган сүрөт.

Дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да 25-ноябрда аялдарга каршы өкүмзорлукту токтотуу максатындагы «Зомбулукка каршы 16 күн» акциясы башталды.

Бул өнөктүк өкмөттүк мекемелерди, жамааттарды, зомбулукка кабылгандарды, активисттерди бир тилектештиктин алкагында бириктирип, түрдүү иш-чаралар уюштурулат.

Жыл сайын 16 күндүк акция өткөрүү чечимин 1999-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы кабыл алган.

Ал 25-ноябрь - Аялдарга каршы зомбулукту жоюунун эл аралык күнүндө башталып, 10-декабрь - Адам укуктарынын эл аралык күнүндө жыйынтыкталат.

Өкмөттүн маалыматына ылайык, 2019-жылдын он айында Кыргызстанда үй-бүлөдө зомбулук жасалган 5185 факты катталган.

Адистердин айтымында, үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандардын 74,5% сабалса, 24,9% психикалык кысымга алынат. (SE)

XS
SM
MD
LG