Өзбекстандык белгилүү ырчылардын бири Лола Юлдашева мамлекетте бир канча жылдан бери маданият кызматкерлерине карата колдонулуп келаткан тыюуларды сындаган мүнөздөгү клип чыгарды.
«Сүйүүңдү мага айт» деп аталган ырга тартылган клипте Лола Совет доорундагыдай жасалган сахнада комиссия мүчөлөрүнүн алдына батыш стилиндеги кийимде ырдайт. Калыстар улуттук баалуулуктарды сактоого чакырат.
Клиптин сюжети боюнча комиссия ырчынын жана анын шериктеринин сахнадагы образына канааттанышпайт. Ага карабай, ырчы өз багытынан кайтпайт.
Фанаттар аны сахнадагы төңкөрүш, каяша деп баалап жатышат.
Өзбекстанда ырчылардын кийимин, чыгармаларын, жүрүм-турумун «Узбекконцерт» мамлекеттик мекемеси көзөмөлдөйт. «Улуттук баалуулуктарга каршы келет» деген эскертүү менен көбүнчө өнөрпоздордун лицензияларын алып коюшат.