Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:21

КТРК Атамбаевдин байлыгы боюнча иликтөөсүн жарыялады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коомдук биринчи канал мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин байлыгы тууралуу иликтөөсүн жарыялады. Жарым сааттык берүүдө Атамбаев байлыгын шектүү жолдор менен топтогону баяндалат. Анда журналист мурдагы президент мыйзамсыз тапкан каражатын, мүлкүн башка адамдарга каттатып адалдаган болушу ыктымал экендиги тууралуу кеп болот. Алардын бири катары 28 жаштагы Субихи Пархати аттуу жаранды пайдаланганы айтылат. Пархати болсо Атамбаев аны пайдаланып кеткенин айтып берген:

«Мен өзүм жөнүндө Интернеттен окуп билдим. Анан шашылыш бул жакка келдим. Мындай иштер болгон эмес. Бизде мындай компания алууга мүмкүнчүлүгүбүз жок. Алмазбек Атамбаев мени жана атамды уят кылды. Биз муну билген эмеспиз».

Пархати кайсы бир документтерге атасынын суранычы менен кол койгонун, бирок эмне иш экенин билбей турганын айтат. Иликтөөдө телеканал Субихи Пархатиге жазылган мүлккө Атамбаев эле ээлик кылган деп түкшүмөлдөйт. Азырынча Атамбаевди колдогон Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) иликтөө боюнча комментарий бере элек.

Буга чейин массалык маалымат каражаттарында Субихи Пархати 2017-жылдын 27-октябрында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге тиешелүү илимий-өндүрүштүк «Форум» ЖЧКсына теңшерик негиздөөчү болгону кабарланган. Бирок 2018-жылдын 18-апрелинде «Форум» кайра каттоодон өтүп, жападан-жалгыз Субихи Пархатиге тиешелүү болуп калган. Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратууну караган депутаттык комиссия Пархати «Форумду» Атамбаевден 54 млн. сомго сатып алганын тактаганын билдирген.

Субихи Пархатинин аты сурма казган «Хуасинь» компаниясы боюнча да ачылган кылмыш ишинде аталган. Башкы прокуратуранын август айында берген маалыматы боюнча, 2015-жылы «Хуасинь» компаниясына лицензия берүүдө коррупциялык иштер орун алган. Бул инвестициялык компанияга кыргызстандык Субихи Пархати жана кытайлык жаран Чжай Хунвей ээлик кылат.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов 27-июнда Субихи Пархати 28 жашта экенин, Кара-Балта шаарында туулуп, Үрүмчүдө таятасынын колунда чоңойгонун, улуту казак, жарандыгы кыргызстандык экенин билдирген. (TSh)

XS
SM
MD
LG