Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 7-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 13:37

Бул жылы мыйзамсыз күйүүчү май ташып келүү боюнча 152 факт катталган


Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков парламент комитетинде сүйлөп жатып, 2019-жыл башынан бери өлкөгө сырттан күйүүчү май ташып келүү боюнча 152 факт катталганын билдирди. Ал фактынын 95ин Мамлекеттик чек ара кызматы, 57син атайын мобилдик топтор аныктаган. Башкача айтканда жалпы суммасы 34 510 667 сомду түзгөн 1 289 873 литр кармалган.

Кыргызстан күйүүчү майды негизинен Орусия менен Казакстандан ташып келет. Коомчулукта Казакстандан күйүүчү май ташып келүүдө аткезчилик күч экени айтылып жүрөт. Буга байланыштуу Мамлекеттик салык кызматы мыйзамсыз ташылган товар жана күйүүчү май боюнча кабарлаган фактыларды кабыл алган түз номурун иштеткен.

Жарандар шектүү товарлар жөнүндө (0312) 61-31-89 жана (0779) 61-31-89 «WhatsApp» номуруна кабарласа болот. «WhatsApp» номуруна күнү-түнү маалымат жөнөтсө да кабыл алына берет. Ал эми (0312) 61-31-89 номуру эртең мененки саат тогуздан 18:00гө чейин иштейт. Майрам жана эс алуу күндөрү телефон чалып маалымдаган кабарлар техниканын эс тутумунда жазылып турат. (ErN/TSh)

Пикирлерди көрүңүз (1)

XS
SM
MD
LG