Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:04

Малиде 13 француз аскери ажал тапты


Малинин туусу. Иллюстрациялык сүрөт.
Малинин туусу. Иллюстрациялык сүрөт.

Африканын түндүк-батышындагы Мали мамлекетинде жихадчыларга каршы атайын операцияга катышып жүргөн аскердик тик учак жүргүнчү ташыган экинчи тик учак менен кагылышып, анда 13 француз жоокери мерт болду.

Фрнациянын президенти Эммануэл Макрон өлгөндөрдүн жакындарына көңүл айтты. Бул Франциянын Малидеги соңку 30 жылдан берки аскердик өнөктүгүндөгү эң чоң жоготуу болуп калды. 2013-жылдан бери Малиде жалпысынан 38 француз жоокери ажал тапты.

Франция мындан алты жыл мурун өзүнүн мурдагы колониясы Малиге жихадчылардын мизин кайтарыш үчүн аскерин киргизген. Террордук топтор ошол маалда бул өлкөнүн түндүгүнүн баарын көзөмөлдөп алган. Учурда Малиде Франциясынын 4,5 миң аскери бар жана алар Малиден сырткары анын коңшусу Нигерия менен Чаддагы аскердик операцияларга да катышат.

XS
SM
MD
LG