Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:11

Орусиядан башка өлкөгө жер которгусу келген жаштар көбөйдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Левада-борбор» уюмунун соңку сурамжылоосуна ылайык Орусиядан башка мамлекетке көчүп кеткиси келген, 18 жаштан 24 жашка чейинки жаштар 53% түзөт. Бул 2009-жылдан берки эң чоң көрсөткүч болуп калды. Эң төмөнкү көрсөткүч 2014-жылы, Орусия Крымды аннексиялап алгандан кийин катталган жана Орусиядан кеткиси келген жаштар 20 пайызга чамалаган.

Жер которуунун башкы себеби катары болочок балдарынын келечеги тууралуу кабатырлык аталган. Экинчи орунда өлкөнүн экономикалык абалы, андан кийин медицинанын сапаты, саясий-коомдук жагдай аталган. Чет өлкөнү көздөгөндөрдүн теңинен көбү Орусия туура эмес жолдо кетип бара жатат деп ойлой турганын, бул өлкөдөгү көп иштер үчүн уяларын айтышкан. Ошондой эле башка мамлекетти самагандардын көбү, тактап айтканда, 73% президент Владимир Путиндин саясатын колдобой турганы белгилүү болгон.

Ушул жылдын башында «Проект» басылмасы орус бийлиги бул өлкөдөн кеткендердин санын алты эсе азайтып көрсөтөрүн иликтеп чыккан. Журналисттер Росстат мамлекеттик мекемеси менен орус жарандарын кабыл алган өлкөлөрдүн маалыматын салыштырып, Орусия эмигранттардын саны боюнча дүйнөдө үчүнчү орунда турарын аныкташкан. Росстаттын 2017-жылдагы маалыматы боюнча, Орусиядан 1 миллион 700 миң адам көчүп кеткен.

XS
SM
MD
LG