Ирактын борбору Багдад шаарындагы стратегиялык жактан маанилүү деп эсептелген «Ахрар» көпүрөсүндөгү демонстранттарды кууп таратууда бир адам ок тийип мерт болду. Коопсуздук органдарынын жана оорукананын өкүлдөрү аты-жөнүн атабаган шартта соңку кагылышта бери дегенде 21 адам жабыркаганын кабарлашты.
Иракта бийликке каршы демонстрациялар 1-октябрда башталган. Көчөгө чыккандар коррупцияга, жумушсуздукка, электр энергиясы менен суунун улам-улам өчүрүлгөнүнө нааразы болуп жатышат. Тоз-тополоңдо өлгөндөрдүн саны бери дегенде 350гө чамалады.
Иракта 40 миллиондой эл жашайт жана ал кара май өндүрүп, экспорттогон дүйнөдөгү бешинчи мамлекет болуп эсептелет.