Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:24

Бишкекте алгач ирет уюштурулган феминнале 17 күн уланат


Бишкекте 27-ноябрда башталчу алгачкы феминнале Москвадагы басмаканада 2016-жылы чыккан өрттө каза болгон 17 кыз-келиндин элесине арналып, 17 күнгө созулат. Маркумдардын 14ү кыргызстандык мигранттар болушкан.

Уюшутуруучу Алтын Капалованын айтымында, аялдардын экономикалык эркиндик темасындагы феминнале кѳргѳзмѳсүндѳ 22 ѳлкѳдѳн 50дѳн ашуун сүрөтчүнүн эмгектери тартууланат. Заманбап искусство менен коштолгон көргөзмө Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде болот.

Феминнале гендердик теңсиздиктин, аялдарга карата зомбулуктун алдын алууга багытталган жыйындар менен коштолот.

Феминнале - феминизм жана биеннале деген сөздөрдөн куралган. Феминизм аялдардын теңдиги үчүн күрөштү туюндурат, бианнале - эки жылда бир өтө турган көркөм сүрөт көргөзмөсү.

Кыргыз өкмөтү мамлекетте аялдарга зомбулук көрсөтүү маселеси чоң көйгөй бойдон калып жатканын 25-ноябрда билдирген.

Дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда 25-ноябрда аялдарга каршы өкүмзордукту токтотуу максатындагы «Зомбулукка каршы 16 күн» акциясы да башталган. (SE)

XS
SM
MD
LG