Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:16

«Ишкободго» кол салгандардын арасында 11 аял, 13 тестиер болгон


«Султонобад» чек ара отрядына караштуу «Ишкобод» бекетине 6-ноябрда кол салуу болгон.
«Султонобад» чек ара отрядына караштуу «Ишкобод» бекетине 6-ноябрда кол салуу болгон.

Бул тууралуу Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин өкүлү Мухаммад Саидов Дүйшөмбү шаарында 26-ноябрда үй-бүлөдөгү зомбулукка арналган жыйында сүйлөп жатып билдирди. Анын айтымында, Тажикстандын Өзбекстанга жакын аймагындагы «Ишкобод» чек ара бекетине кол салгандардын тогузу эркек, 11и аял, төрт жаштан 15 жашка чейинки 13 бала болгон. Атайын кызматтын өкүлү бул чабуулда балдар кандай тапшырма аткарганын тактаган жок.

Тажикстандын Өзбекстанга жакын аймагындагы «Султонобад» чек ара отрядына караштуу «Ишкобод» бекетине 6-ноябрда таңы саат 3төн өткөндө кол салуу болгон. Бийлик өкүлдөрү учкай гана маалымат таратып, мындай кара санатайлыкты «Ислам мамлекети» террордук тобунун 20 мүчөсү уюштурганын жарыялаган жана атайын операцияда 15 жоочу өлтүрүлүп, дагы бешөө кармалганын маалымдаган. «Кол салууда бир чек арачы менен бир милиция кызматкери гана өлгөн» деп кабарланган.

«Азаттыктын» тажик кызматы милициядагы ишенимдүү булактарына таянып, «Ишкобод» чек ара бекетиндеги кол салууда жалпысынан беш чек арачы жана бир милиция кызматкери өлгөнүн жазып, чек арачылардын баарынын аты-жөнүн жарыялаган. Мындай кабарды чек арачылар туулуп-өскөн аймактын башчылары да жарым-жартылай ырастап, маркумдардын сөөгү жерге берилгени маалым болгон.

Окуя болгон учурда өлкө президенти Эмомали Рахмон Европада иш сапары менен жүргөн. Ал күнү өлкөдө майрам болуп, Конституциянын 25 жылдыгы белгиленген.

XS
SM
MD
LG