Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:45

Албаниядагы жер титирөөнүн курмандыктары 23 кишиге жетти


Албаниядагы жер титирөөдөн бери дегенде 23 адам каза таап, жүздөгөн киши жабыркады. Куткаруучулар урандыларды тазалап, издөө иштерин улантышууда. Ооруканага 650 адам жеткирилгенин жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлашты.

АКШынын Геологиялык кызматынын маалыматына ылайык, 26-ноябрдагы жер титирөөнүн күчү 6,4 баллга жетти. Очогу борбор калаа Тирананын чыгыш-батыш тарабынан 30 чакырым алыстыкта, 20 чакырым тереңдикте болду.

Тирана, Тумане жана Дуррес шаарларында бир катар имараттар, турак жайлар кыйрады.

Үй-жайсыз калгандарга чатырлар тигилди. 300 үй-бүлө жабыркагандарга эшик ачып, убактылуу баш калка берди.

Косоводон, Монтонегродон, Италиядан, Грекиядан жана Румыниядан куткаруучулар көмөктөшкөнү келишти. АКШ да жардам жөнөтөрү маалымдалды.

Албания сейсмикалык кооптуу аймакта жайгашкандыктан маал-маалы менен жер силкинип турат.

XS
SM
MD
LG