Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:31

Гани бачабаздар тууралуу маалыматты текшерүүгө буйрук берди


Ашраф Гани.
Ашраф Гани.

Ооганстандын президенти Ашраф Гани мектептердеги бачабаздар тобу тууралуу божомолдордун чын-төгүнүн такташ үчүн иликтеп, тергөө жүргүзүүгө буйрук берди.

Мамлекет башчы мындай окуяларды ачык айтып чыккан эки активистти камакка алган Тыңчылык башкармалыгын сындады.

26-ноябрда Ашраф Гани «Твиттерде» «Лохар аймагындагы мектептерде жыныстык зомбулук аракеттери болгону» жөнүндөгү маалыматтарга тынчсызданып жатканын жазды.

Британиянын «The Guardian» басылмасы Ооганстандагы алты мектепте окуган 546 уланды мугалимдерден жана жергиликтүү аткаминерлерден турган бачабаздар тобу зордуктаганы жөнүндө кабарлаган.

Тыңчылык башкармалыгы гезитке интервью берген активисттер - Муса Махмуди менен Эсанулла Хамидини камакка алганы жарандардын нааразычылыгын туудурган.

Башкармалык активисттердин айткандарын «чындыкка дал келбейт» деп, муну алардын чет өлкөдөн башпаанек алуу аракети катары баалады.

Президент активисттерге каршы тергөөнү токтотууга буйрук берди.

Ооганстанда өспүрүм балдарды жыныстык кулчулукка, сойкулукка тартуу учурлары «бачабази» деп аталып, эл аралык коомчулуктун сынына кабылып келет.

XS
SM
MD
LG