Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:10

Ошто офицер чек ара кызматындагы коррупция боюнча даттанды


Мамлекеттик чек ара кызматынын офицери Талгат Аланов.
Мамлекеттик чек ара кызматынын офицери Талгат Аланов.

Ошто Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкери Талгат Аланов өзү иштеген мекемедеги мыйзамсыз иштер тууралуу айтып чыкты.

Ош облусу боюнча чек ара башкармалыгынын чек арага көзөмөл уюштуруу бөлүмүнүн улук офицери Аланов журналисттерге атайын маек куруп, «Достук» чек ара көзөмөл өткөрүү бекетиндеги акча топтоо фактыларын мисал келтирди.

Ал ошондой эле Мамлекеттик чек ара кызматынын башында тургандар кошуна мамлекеттер менен чектеш аймактардагы көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде иштеген кызматкерлерден «үлүш» алып турарын, түзүмдүн ичинде жазылбаган мыйзамдар бар экенин айтып, кызмат орундары акчага сатыларын да айтты.

- Бир кызматтан экинчи кызматка которулган чек арачы сөзсүз акчасын берип, анан которулат. Мен түздөн-түз видеого тартып алган факты жок. Бирок бул нерсе болуп жатат. Жөнөкөй заставада иштеген чек арачынын акчасы жок болсо бербейт да. Бул чек аранын өткөрүү бекеттеринде болот. Ошол жерде иштеген бирөө акчаны топтоп командирге берет, андан ары Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасына жетет. Ошондой схема, чынжырча бар. Мага жогорку окуу жайларын бүтүп келген офицерлер келип кайрылышат, «менин ордума акчасы бар бирөө дайындалды» деп. Бул туура эмес, - деди Мамлекеттик чек ара кызматынын офицери Талгат Аланов.

Бул билдирүүдөн кийин эле Мамлекеттик чек ара кызматынын аймактык башкармалыгынын кызматкерлери да басма сөз жыйынын өткөрүп, Алановдун дооматтарын четке кагышты. Мекеменин Ош облусу боюнча башкармалыгынын штаб башчысы Адылбек Сейдалиев «акча чогултулат» деген сөздөр жалган экенин билдирди. (ErN\MdN)

XS
SM
MD
LG