Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:55

Жээнбеков менен Токаев кеңири чөйрөдө сүйлөшүү жүргүзүп жатат


Касым-Жомарт Токаев менен Сооронбай Жээнбековдун жолугушуусу.
Касым-Жомарт Токаев менен Сооронбай Жээнбековдун жолугушуусу.

Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келген Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен кыргыз президенти Сооронбай Жээнбековдун кеңири чөйрөдөгү жолугушуусу «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өтүп жатат. Мунун алдында алар жекече жолугушту.

Кездешүүнүн жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан үчүн Казакстан эн жакын өлкө экенин билдирип, эки тараптын мамилеси мындан ары тереңдей турганына ишенерин билдирди. Жээнбеков жолугушууда бир топ келишимдерге кол коюларын белгилеп, алар кандай келишимдер болорун тактаган жок.

Касым-Жомарт Токаев Кыргызстан менен мамилени тереңдетүү уланарын билдирди. Анын айтымында, акыркы жылдары эки мамлекеттин ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 900 миллион долларга жетип, 30 пайызга көбөйдү.

Токаев ошондой эле Кыргызстан үчүн Казакстан эн ири инвесторлордун бири экенин белгилеп, «Кыргызстан инвесторлорго карата жакшы шарт түзөт деп ишенебиз» деп айтты. Казак президенти учурдагыдай санкциялар согушу жүрүп жаткан мезгилде эки тараптуу мамилени чыңдоо маанилүү экенин билдирди.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 27-ноябрда Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келди. Аны «Манас» эл аралык аэропортунан Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.

Казакстан президентинин мамлекеттик сапарынын алкагында мамлекет башчылары «Ата-Бейит» тарыхый-мемориалдык комплексине барышты. Эми Жогорку мамлекет аралык кеңештин 5-жыйыны өтөт. (ErN\BkA)

XS
SM
MD
LG