28-ноябрда Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда, Ош облусунун айрым тоолуу райондорунда кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт.
Абанын температурасы:
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн -2…-7, күндүз 3…8,
Талас жергесинде түнкүсүн -10…-15, күндүз -1…-6,
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -8…-13, күндүз -1…-6,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…5,
Нарын облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз -1…-6,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -14…-19, күндүз -4…-9 градус суук болот.
Бишкек шаарында түнкүсүн кар жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр болот. Абанын түнкү температурасы -10…-12°, күндүзгү температурасы -1…-3° суук болот. (ErN)