Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына катышуу үчүн Кыргызстанга келди.
27-ноябрда «Манас» эл аралык аэропортунан Рахмонду премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды.
«Тынчтыкты, эл аралык жана аймактык коопсуздукту жана туруктуулукту бекемдөө» максатын көздөгөн эл аралык уюм деп сыпатталган ЖККУга Кыргызстан, Тажикстан, Орусия, Армения, Беларус, Казакстан мүчө.
2019-жылы уюмга Кыргызстан төрагалык кылды. Жыйын 28-ноябрда болот. (SE)