Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:39

Бишкекке Армениянын өкмөт башчысы жана Беларустун президенти келди


Никол Пашинян.
Никол Пашинян.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жана Беларустун президенти Александр Лукашенко Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына катышуу үчүн Кыргызстанга келишти. Андан мурдараак Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон келген. Аларды 27-ноябрда «Манас» эл аралык аэропортунан өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды.

Лукашенкону тосуп алуу учуру.
Лукашенкону тосуп алуу учуру.

«Тынчтыкты, эл аралык жана аймактык коопсуздукту жана туруктуулукту бекемдөө» максатын көздөгөн эл аралык уюм деп сыпатталган ЖККУга Кыргызстан, Тажикстан, Орусия, Армения, Беларус, Казакстан мүчө.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 27-ноябрда мамлекеттик сапар менен Бишкекке келген. Андан ары ЖККУ уюмунун жыйынына катышат.

2019-жылы уюмга Кыргызстан төрагалык кылды. Жыйын 28-ноябрда болот. (SE)

XS
SM
MD
LG