Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:17

Европарламент Урсула фон дер Ляйен баштаган аткаруучу органды бекитти


Урсула фон дер Ляйен.
Урсула фон дер Ляйен.

27-ноябрда 751 депутаттан турган Европарламент уюмдун аткаруучу органы болгон Еврокомиссиянын мүчөлөрүн шайлады. Депутаттардын көпчүлүгү колдогон Урсула фон дер Ляйен баштаган Европа комиссиясы беш жылга шайланды. Аткаруучу орган белгиленген мөөнөттөн бир айга кечигип шайланганы жатат.

Еврокомиссиянын жаңы курамы кызматына 1-ноябрда киришмек. Бирок үч талапкерге байланыштуу талаштан улам кийинкиге калган. Евробиримдиктин ар бир мүчөсү аткаруучу органга өз өкүлүн жөнөтөт. Уюмдан чыгууга даярдык көрүп жаткан жана мөөнөтсүз парламенттик шайлоо өткөрүп жаткан Улуу Британия ага өкүлүн жөнөткөн эмес.

61 жаштагы Урсула фон дер Ляйен - Европа комиссиясынын башына келген алгачкы аял саясатчы. Ал Германиянын Коргоо министрлигин жетектеген биринчи аял катары да белгилүү.

XS
SM
MD
LG