Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:09

Бангладеште теракт үчүн жети киши өмүр бою соттолду


Бангладеш.
Бангладеш.

Бангладештин соту үч жыл мурда болгон теракт үчүн айыпталган жети кишини өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратты. Күчөтүлгөн кайтарууда өткөн сотто бир киши акталды.

2016-жылдын 1-июлунда борбор шаар Даккада ашынган исламчыл топтун согушкерлери дипломатиялык райондо чет өлкөлүк жарандар арасында популярдуу кафеге кирип барып, ок атышкан, кийин бир нече бомба жардырып, ондогон кишини барымтага алышкан.

Бардыгы болуп алардын колунан 22 киши өлгөн. Айыпталгандардын баары Бангладештин жарандары.

XS
SM
MD
LG